ӨКМ: Кыргызстандын тоолуу райондорунда сел жүрүшү күтүлөт

Автор

Кыргызстандын тоолуу райондорунда сел жүрүшү күтүлөт. Бул тууралуу Өзгөчо кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, 25-26-апрель күндөрү туруксуз аба ырайынын жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан чачынга байланыштуу республиканын тоолуу райондорунда сел жүрүшү, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт.
ӨКМ жарандарга арыктарды, суу өткөрүү түтүктөрдү жана дренаждык түйүндөрдү тазалоо иш-чараларын жүргүзүүнү сунуштайт.

Бөлүшүү:
Next Post

26-апрелде күтүлгөн аба ырайы

26-апрелге караган түнү Чүй, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас, Ош облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын болот. Бийик тоолуу жерге кар түшөт. Күндүз көпчүлүк аймактарда жамгыр жаайт. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 7…12, күндүз 17…22, Талас жергесинде түнкүсүн 5…10, күндүз 15…20, Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 11…16, күндүз 18…23, […]

Сизге жагышы мүмкүн