ӨКМ: Кыргызстандын айрым аймактарында үшүк жүрүшү күтүлөт

Автор

Бүгүн, 18-октябрда түнкүсүн жана эртең менен Чүй облусунун өрөөндөрүндө жана Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде 0…-2° үшүк жүрүшү күтүлөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, мындай үшүк мөмө жана жашылча жемиштерге, казылып алынган жана жабылбаган картошка үчүн коркунучтуу.
Белгиленгендей, адамдардын өлүмүнө жеткирбөө жана материалдык чыгымдарды азайтуу максатында ӨКМдин телефонограммасы чыгарылып, тийиштүү Жарандык коргонуу кызматтарына, президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлерине жеткирилген.
Ошондой эле уюлдук операторлор аркылуу калкка СМС билдирүүлөр жана телеканалдардан жүгүртмө жарнама аркылуу маалымат жиберилген.

Бөлүшүү:
Next Post

Израил ХАМАС лидери Синварды жок кылганын билдирди

Израилдин Коргоо армиясы ХАМАСтын палестиналык кыймылынын лидери Яхья Синвардын Газа секторунда жок кылынганын билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, Синвардын денеси бейшемби күнү табылып, анын өздүгү ДНК тестинен кийин тастыкталган. Синвар 2023-жылдын 7-октябрында ХАМАСтын Израилге жасаган чабуулунун негизги уюштуруучусу жана идеологу катары эсептелет. 2017-жылдан бери ал ХАМАСтын Газа секторундагы бөлүмүн жетектеген. 2024-жылдын […]

Сизге жагышы мүмкүн