ӨКМ кыргызстандыктарга аба ырайы боюнча кайрылуу жасады

Автор

27-декабрдан 30-декабрга чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Андыктан айдоочулар төмөнкү жолдордо жүрүүдө этият болуусу керек:

Бишкек — Ош унаа жолу:

– 121-138-чакырымдарында Төө-Ашуу ашуусу;

– 198-255-чакырымдарында Чычкан капчыгайы, Ала-Бел ашуусу;

Мырза-Аке — Кара-Кулжа — Алайкуу унаа жолу:

– 45-115-чакырымдары.

Белгиленгендей, жолдор тайгак болуп, муз тоңот, унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

“Жол коопсуздук эрежелерин так сактап, алыскы жолго чыгууда күрөк, дөңгөлөк чынжырын, дары-дармек, ысык суу жана азык алууну унутпаңыз. Кырсык катталганда же унаа жолдорундагы абалды билүү үчүн 112 номерине байланышыңыз”, – деп эскертет ӨКМ.

Бөлүшүү:
Next Post

Орус-Кыргыз Фонду 45 млн доллар насыя бөлдү

Орус-Кыргыз Фонду цемент заводун куруу үчүн 45 млн доллар жеңилдетилген насыя бөлдү. Мындай маалыматты аталган фонддон билдиришти. Маалыматка ылайык, завод курулуп, ишке киргенден баштап, жалпы Кыргызстанды камсыздап, кошуна мамлекеттерден цемент импорттоону токтотот. Заводдо өндүрүштүк газдан электр энергиясын иштеп чыгаруу технологиясын колдонуу пландалууда. Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн