ӨКМ: Катуу шамалдын кесепетинен 154 объект жабыркады

Автор

Кечээ өлкө аймагында катуу шамал болуп, материалык чыгымдар жана жабыркагандар болгон. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, табигый кырсыктын кесепеттерин жоюу үчүн Бишкек шаарында жана Чүй облусунда өзгөчө кырдаал режими киргизилген.
Бишкек, Чүй жана Талас башкармалыктарынан 29-март саат 8:30га карата алынган алдын ала маалымат боюнча, 10 адам жабыркап, 70 социалдык объект, 80 турак үй, 4 чарбалык курулуш, негизинен шамал жүргөн аймактарда жалпысынан 154 объектке зыянын тийгизген.
Тактап айтканда, жалпы Бишкек шаары боюнча 66 объект жабыркаса, анын 26сы социалдык мекеме, 36сы турак үй, 4ү чарбалык курулуш болгон.
Ал эми Чүй облусунда 42 социалдык объект жана 42 турак үй, жалпысынан 84 объекттин чатырын учурган.
Табигый кубулуштун кесепеттерин жоюу, материалдык чыгымдарды тактоо жана ыкчам чара көрүү максатында жергиликтүү Жарандык коргонуу кызматтары иш алып барууда.
Эске салсак, ӨКМге караштуу Гидромет кызматынын маалыматы ылайык, Бишкек жана Чуй облусунун аймагында 28-мартта саат 16:15тен16:45ке чейин ылдамдыгы секундасына 26 метрге жеткен катуу шамал катталган.

Бөлүшүү:
Next Post

Чаңдуу бороон бир топ зыян алып келди

Аба ырайынын кескин өзгөрүшү саат 17:30дар чамасында болгон. Катуу шамал чаң, кумдарды асманга учурган. Андан кийин шаарда жамгыр жаай баштаган. Шаардын айрым аймактарында электр жарыгы үзгүлтүккө учурап, таксилердин баасы көтөрүлдү. Буга чейин синоптиктер Алматыда ала булут каптап, күндүз жамгыр жаай турганын, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетерин билдирген. […]

Сизге жагышы мүмкүн