Өзгөчө кырдаалдар министрлиги чукул билдирүү таратып, тоолуу аймактарда кар көчкү түшүү коркунучу тууралуу эскертти.
Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын 20-21-ноябрында жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Каракол — Эңилчек унаа жолунун 74-86 чакырымдарындагы Чоң-Ашуу ашуусуна кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт.
Бул күндөрү жолдор тайгак болуп, муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.
Шей Ноя 21 , 2023
Борбор калаада Кыргыз Республикасынын Баатыры, Кыргыз эл жазуучусу коомдук ишмер Түгөлбай Сыдыкбековдун эстелиги ачылды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги кабарлады. Эстеликтин ачылыш аземине Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касмамбетов, Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев, Министрлер Кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, Жогорку Кеңештин депутаттары, маданият ишмерлери, калемгердин замандаштары, […]