ӨКМ: Бийик тоолуу ашууларда кар көчкү түшүү коркунучу бар

Автор

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу шашылыш билдирүү таратты.

Кыргызгидромет кызматынын берген маалыматына ылайык, 7-апрелден 10-апрелге чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга жана абанын температурасынын жогорулашына байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда жана Бишкек – Ош унаа жолунун:

 

– 121-138-чакырымдарындагы Төө-Ашуу ашуусунда;

 

– 198-250-чакырымдарындагы Ала-Бел ашуусунда, Чычкан капчыгайында;

 

– Каракол – Эңилчек унаа жолунун 45-50, 74-86 чакырымдарындагы Чоң-Ашуу ашуусунда кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлүп, жолдор тайгак болуп, муз тоңот.

 

“Урматтуу айдоочулар! Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл. Ал эми кырсык катталган учурда 112 кызматына чалууну унутпаңыз! Чалуу акысыз жана күнү-түнү иштейт”, – деп айтылат маалыматта.

Бөлүшүү:
Next Post

Бүгүн Күрөш боюнча Азия чемпионаты Астанада башталат

  Бүгүн Кыргызстандын күрөш боюнча улуттук курама командасы Азия чемпионатына катышат. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.   Маалыматка ылайык, мелдеш 7-14-апрель күндөрү Казакстандын Астана шаарында өтмөкчү.    Кыз-келиндер күрөшү боюнча улуттук курама команда:   Айсулуу Тыныбекова – 62 кг; Мээрим Жуманазарова – 68 кг; Айпери Медет Кызы […]

Сизге жагышы мүмкүн