ӨКМ: Балыкчы – Казарман – Жалал-Абад унаа жолуна кар көчкү түштү

Автор

Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районундагы Балыкчы – Казарман – Жалал-Абад альтернативдик унаа жолунун 346-348-чакырымдарында кар көчкү түштү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, туннелдин ичинде болжол менен 10 унаа туруп калган.
Жерине тактоо иштерин жүргүзүү үчүн 4 куткаруучу, 2 милиция кызматкери, тазалоо иштерине 1 жүктөгүч тартылган.
Кошумча маалымат берилет.

Бөлүшүү:
Next Post

Өзбекстандын башкаруучу партиясы шайлоодо көп добуш алды

Өзбекстанда бийликтеги Либералдык-демократиялык партия парламенттик шайлоодо көпчүлүк добушту алды. Бул тууралуу Өзбекстандын Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Зайниддин Низамходжаев билдирди. «Өзбекстандын Либералдык-демократиялык партиясы 42,7 пайыз добушка ээ болуп, парламентте 64 мандат алат»,-деди. Өзбекстан тарыхында алгач ирет парламенттик шайлоо аралаш система – мажоритардык жана пропорционалдык негизде өттү. Шайлоонун жыйынтыгы боюнча республиканын парламентине […]

Сизге жагышы мүмкүн