ӨКМ аба ырайына байланыштуу шашылыш билдирүү таратты

Автор

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги туруксуз аба ырайына байланыштуу шашылыш билдирүү таратты.
Кыргызгидромет кызматынын маалыматына ылайык, 3-июнь күнүнүн экинчи жарымында жана 4-июнда туруксуз аба-ырайына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу Ош, Жалал-Абад, Баткен жана Ысык-Көл облустарынын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт.
ӨКМ селдин, суу каптоонун алдын алуу үчүн арыктарды, суу өтүүчү түтүктөрдү жана дренаждык түйүндөрдү ар кандай таштандылардан тазалоону сунуштайт.

Бөлүшүү:
Next Post

Кыргызстандык спортчулар Азия чемпионатында эки медаль жеңди

Кыргызстандын паратриатлон боюнча улуттук курама командасынын мүчөлөрү Азия чемпионатында 1 алтын, 1 күмүш медаль жеңди. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти. Маалыматка ылайык, чемпионат Филиппиндин Субик-Бей шаарында 29-майда башталып 2-июнда жыйынтыкталды. Айтунук Жоомарт кызы (коштоп жүрүүчүсү Ангелина Блиндус) алтын медалга ээ болсо, Гулназ Жүзбаева (коштоп жүрүүчүсү Юлия Фернас) […]

Сизге жагышы мүмкүн