Башмыйзамга ылайык Орус өкмөтүн отставкага кетирүү боюнча буйрукка Михаил Мишустин өзү кол койгон. Мындай маалыматты кечээ, 7-майда аталган ведомствонун басма сөз кызматы таратты. Жаңы өкмөттүн курамы 13-19-майда Думанын кароосуна жөнөтүлүп, 20-майда толук бекитилээрин Коммунисттер партиясынын лидери Геннадий Зюганов билдирген.
Ал эми айрым серепчилер Михаил Мишустин кайра дайындалаарын, тышкы иштер министри Сергей Лавров, Коргоо министри Сергей Шойгу жана каржы министри Антон Силуанов кызмат ордуларын сактап калаарын маалымдашууда.
Кеңешбек Жумабаев, жактоочу: "Ал жактан чыга турган чечим белгилүү"
Шар Май 8 , 2024