Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Бишкек шаарынын Мэри Эмилбек Абдыкадыровду мактап, бардык маселелерди чечип жатат деп билдирди.
“Шаарга 16 мектеп салды. 3-4 смен окуп жаткан мектептер бир смен менөн эле окуп калышты. Бишкек шаары оңолуп келатат, көчөлөрдү иретеди”,-деди. Ал башка шаардын мэрлерине Эмилбек Абдыкадыровдон өрнөк алып, айрым нерселерди андан үйрөнүүнү сунуштады.
Ал эми Бишкек шаарынын мэри билдиргендей, 2023-жылга 18 көчө оңдоп түзөөдөн өтүшү керек болсо, шаардыктардын талабына байланыштуу 30га жакын көчө оңдолмок болууда.