Өкмөттү жылмайткан колдоо

Автор

Бүгүн, 13-июнда Жогорку Кеңештин жалпы жыйында министрлер кабинети сунуштаган “Административдик-аймактык реформа” боюнча мыйзам долбоору талкууланып жатат.
“Бүтүн Кыргызстан” фракциясынын лидери Исхак Масалиев колдоого алып, бул зарыл маселе экендигин, айыл өкмөттөрдү бириктирген реформа ишке ашкандыгын, бирок, Жогорку Кеңештин колу менен ишке ашыруу дагы да мыйзамдуу болоорун белгиледи. Депутаттын мындай колдоосу өкмөттүн жетекчилерин жылмайтты. Ал эми депутат Чыңгыз Айдарбеков мындай маанилүү маселеде өкмөттүн эркине жана аракетине баа берип, ар бир долбоордун артыкчылыгы жана кемчилиги болоорун, бирок, ага карабай ишке ашырып жаткан өкмөткө ийгилик каалады.

Бөлүшүү:
Next Post

Россиянын согуштук кемелери Кубага келди

Кубанын жээктерине келген россиялык согуштук кемелердин арасында суу астында жүрүүчү атомдук кайык жана фрегат бар. Алар 17-июнга чейин болору күтүлүүдө. Россиянын Коргоо министрлиги «Адмирал Горшков» фрегаты жана «Казань» суу астындагы кайыгы заманбап курал-жарактарды, анын ичинде «Циркон» гиперүндүү ракеталарын алып жүрүүчүлөр экенин билдирди. Америкалык расмий өкүлдөр жээктерге кемелердин келиши Украинадагы согуштун […]

Сизге жагышы мүмкүн