Санариптик өнүктүрүү министринин орун басары Рахат Жусумамбетовага депутаттар эскертүү беришти. Ал бүгүн, 3-декабрдагы Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот укук маселелери боюнча комитеттин жыйынына даярдыксыз келген.
“Бүгүнкү күнү Памирден келген канча кайрылман паспорт алды”,- деп сурады депутат Чолпон Султанбекова. Министрдин орун басары “бул боюнча департамент жооп берсин”,- деди.
Анын мындай жообуна депутат айым канаттанбай өкмөттүн парламенттеги өкүлүнө кайрылып, “суроолорго жооп бер деп министрдин орун басарын жөнөтүпсүңөр. Бир дагы суроого жооп бере алган жок”-деди.
Өкмөттүн өкүлүнө депутаттар нааразы болушту
Кытай АКШны коронавирустун келип чыгышын саясатташтырбоого чакырды
Шей Дек 3 , 2024