Өкмөттүк Кыргыз-Туу гезитине мурдагы чиновник барат

Автор

Белгилүү журналист Мырзакат Тыналиевден бошогон орунга башкы редактор болуп Алмаз Кулматов дайындалат. Мындай маалыматты өздүк булактарыбызга билдиришти.
Алмаз Кулматов Кочкор жана Ак-Талаа райондорунда аким, Нарын шаарынын мэри, Өкмөткө караштуу мамлекеттик тил комиссиясынын төрага орун басары жана өкмөттө бөлүм башчы кызматтарын аркалаган.

Бөлүшүү:
Next Post

Сабалган жоокер Улуттук госпиталга жаткырылды

Аскер прокуратурасы Улуттук гвардиянын аскер бөлүгүндөгү сабалган жоокердин иши боюнча териштирүү баштады. Мындай маалыматты Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы таратты. Маалым болгондой, Э. Шаршенбаев аттуу жоокер 28-ноябрь күнү эки жоокер тарабынан катуу сабалып, Улуттук госпиталдын нефрология бөлүмүнө түшкөн. Ага “острый гломеруонефрит, нефрологический синдром” деген диагноз коюлган. Башкы көзөмөл кызматы билдиргендей, […]

Сизге жагышы мүмкүн