Өзөктүк куралга жумшалган каражат 91 миллиард доллардан ашты

Автор

Өткөн жылы дүйнө жүзү боюнча өзөктүк куралга сарпталган чыгымдар рекорддук деңгээлге жетип, 91,5 миллиард долларды түздү. Бул мурдагы жылга салыштырмалуу 10 миллиард долларга көп. Өзөктүк куралга тыюу салуу боюнча Эл аралык кампаниянын маалыматы боюнча, чыгымдардын басымдуу бөлүгү өзөктүк бештикке – АКШ, Кытай, Россия, Улуу Британия жана Францияга туура келет. Тизмеде Индия, Израиль, Пакистан жана Түндүк Корея бар.
Талдоочулардын айтымында, акыркы беш жыл ичинде дүйнөлүк өзөктүк куралга кеткен чыгымдар өстү. Мындай ыргак менен болсо жыл аягына чейин 100 миллиард доллардан ашат.

Бөлүшүү:
Next Post

Россиянын Кыргызстандагы жаңы элчиси дайындалды

Россиянын президенти Владимир Путин Россиянын Кыргызстандагы жаңы элчисин дайындады. Бул тууралуу орусиялык ЖМК жазып чыкты. Маалыматка ылайык “Николай Николаевич Удовиченко Россия Федерациясынын Кыргыз Республикасындагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси кызматынан бошотулсун… Вакунов Сергей Иванович Россия Федерациясынын Кыргыз Республикасындагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси болуп дайындалсын”, – деп жазылган жарлыктардын тексттинде. […]

Сизге жагышы мүмкүн