Өзөктүк жарылуулардан коргой турган жайлар өндүрүлө баштады

Автор

Россияда ядролук жарылуулардан коргой турган мобилдүү баш калкалоочу жайлардын сериялык өндүрүшү башталды. Бул тууралуу Россиянын Жарандык коргоо жана өзгөчө кырдаалдар боюнча жалпы россиялык илимий-изилдөө институту маалымдады. Өндүрүш 18-ноябрда институттун сайтында жарыяланган маалыматка ылайык, Нижегород облусунун Дзержинск шаарында башталган.
«КУБ-М» 48 саат бою өзөктүк жарылуунун аба толкунунан, нурлануунун таасиринен, радиоактивдүү булгануудан, урандылардан, кооптуу химиялык заттардан, өрттөрдөн коргойт.
Баш калкалоочу жай эки модулдан турат. 54 адамга ылайыкталган бөлмө жана техникалык блок бар. Иштеп чыгуучулар бул жайды оңой эле ташып, инженердик системаларга туташтырууга мүмкүн экенин белгилешти.

Бөлүшүү:
Next Post

Кыргыз-тажик чек арасында жер титиреди

Кыргыз-тажик чек арасында жер силкинди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Сейсмология институтунун маалыматына таянуу менен билдирди. Ага ылайык, бүгүн, 22-ноябрда саат 13:16да Кыргызстан менен Тажикстандын чектешкен аймагында күчү 4 магнитудасына жеткен жер титирөө катталды. Жердин силкинүүсү Ош облусунун Чоң-Алай районунун Ачык-Суу айылында 3,5 балл, Кара-Шыбак, Дароот-Коргон, Кызыл-Эшме, Кабык айылдарында 2,5 […]

Сизге жагышы мүмкүн