Өзгөн шаарын айланып өтүүчү акы алына турган жаңы жол убактылуу жабылды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында Унаа жана жолдор министринин орун басары Бекназар Базаралиев билдирди.
Маалыматка ылайык, аталган трасса автоматташтырылган системадан мүчүлүштүк кеткенине байланыштуу жабылган жана ушул жуманын аягында кайра ачылат. Бул тууралуу жыйында депутат Исхак Масалиев Өзгөндөгү жаңы ачылган айланма жолду салтанаттуу ачкандан кийин кайра жаап коюшканын дагы билдирген эле.
Эске салсак, Ош облусундагы Өзгөн айлманма жолу 6-декабрда ачылып, ага президент Садыр Жапаров да катышкан.