Өзгөндө жер көчкүдөн улам көчүрүлгөн жашоочуларга чатырлар орнотулууда

Автор

Өзгөн районунун Карл-Маркс айылынын Кызыл-Күңгөй тилкесине 18 чатыр орнотула баштады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Чатырлар кооптуу жерден 2 чакырым 200 метр аралыкта жайгашып, ага таза суу жана электр энергиясы киргизилүүдө.

Эскерте кетсек, 22-мартта саат 05:00дөр чамасында Ош облусунун Өзгөн районунун Карл-Маркс айылынын Кызыл-Күңгөй тилкесинде жер кыртышы активдешип, болжол менен 1 млн куб метр жер көчкү түшкөн.

Карл Маркс айылына I даражадагы табигый мүнөздөгү өзгөчө кырдаал жарыяланып, аймакта жайгашкан 18 турак жайда күн кечирип келген 195 тургун жеңил оокаттары менен коопсуз аймакка көчүрүлгөн.

Аталган аймактагы жер көчкү 2007-жылдын жаз айларында активдешип баштаган. 2022-жылдын 5-сентябрында ӨКМдин мониторинг жүргүзүү жана божомолдоо департаменти корутунду чыгарып, аймак кооптуу деп табылган. Аталган аймакта жашаган 18 турак үйдүн ээлерин көчүрүү сунушталган.

Бөлүшүү:
Next Post

Молдован тилин румын тилине өзгөртүү жөнүндөгү мыйзамга кол коюлду

Молдованын президенти Майя Санду мамлекеттик тилди молдован тилинен румын тилине өзгөртүү боюнча мыйзамды жактырды. Өлкө лидеринин айтымында, бул республиканын тургундарын бириктирет. “Мен тарыхый жана төгүндөлгүс чындыкты тастыктаган мыйзамды чыгардым. Молдованын мамлекеттик тили – румын тили. Румын тили бул жерде жашаган жана бул жерди сүйгөн баарыбызды бириктирүүсүн каалайм”,-деп жазды Санду Facebook […]

Сизге жагышы мүмкүн