Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзияев жол курулушунан жооптуу кызматкер менен кээ бир аймактардын жолдорун өзү текшерип чыкты. Ал рулда баратып, жанындагы кызматкерге “дайыма жолдорду өзүң гана текшерип чыгышың керек. Ошондо чындык эмне экенин билесиң. Башка бирөөгө дайындасаң, ал баары жайында деши мүмкүн. Маселен, экөөбүз жүргөн бул жолдо жүрүүгө болбойт”, -деген. Анын бул видеосу Өзбек коомчулугунун көңүлүн жибиткен.