Өзбекстандын Тышкы иштер министрлиги
«Биз андан аркы эскалация кеңири аймакта коопсуздукка болгон коркунучтардын жана тобокелчиликтердин болуп көрбөгөндөй өсүшүнө, бүтүндөй эл аралык коомчулук үчүн күтүлбөгөн кесепеттерге алып келиши мүмкүн деп эсептейбиз»,-деп айтылат билдирүүдө.
ТИМ каршылашкан тараптарды чектен чыкпоого жана чыңалууну мындан ары күчөтө турган аракеттерден карманууга чакырды.
Билдирүүдө эл аралык нормаларга жана Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинин чечимдерине ылайык, тынчтык жолу менен жаңжалды чечүү үчүн тез арада чараларды көрүү зарылдыгы белгиленди.