Президент Мирзиёев Ислам Каримовду эскерди

Автор

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев 30-январда өлкөнүн биринчи президенти Ислам Каримовдун туулган күнүндө Ташкенттеги анын эстелигине гүлчамбар койду. Бул тууралуу мамлекет башчысынын басма сөз кызматы билдирди.
Иш-чарага биринчи президенттин жубайы Татьяна Каримова, Олий Мажлистин палаталарынын өкүлдөрү, президенттик администрация, өкмөт мүчөлөрү жана коомчулуктан өкүлдөр катышты.
Иш-чарада Курандан сүрөлөр окулуп, дуа кылынды. Катышуучулар биринчи президенттин эмгектерин эскеришти.
Ушундай эле иш-чаралар Ислам Каримовдун сөөгү коюлган Самарканд шаарында жана ал облус башчысы болуп иштеген Карши шаарында өткөрүлдү.

Бөлүшүү:
Next Post

Оштун стадиону Борбор Азиянын алгачкы клубдук мелдешин кабыл алат

Оштун Акматбек Сүйүмбаев атындагы стадиону Борбор Азиянын алгачкы клубдук мелдешин кабыл алат. Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдигинен билдирди. Маалыматка ылайык, аталган биримдиктин башкы катчысы Медербек Сыдыков, Кыргыз профессионалдык футбол лигасынын Аткаруучу директору Канат Асенов менен бирге Премьер-Лига, Улуттук лигада ойногон жергиликтүү клубдардын машыктыруучулары жана өкүлдөрү менен жолугушту. Анда 2025-жылкы футбол […]

You May Like