Өзбекстан Марбург вирусуна каршы санитардык көзөмөлдү күчөтүүдө

Автор

Өзбекстан Марбург вирусунун жайылышын алдын алуу үчүн санитардык көзөмөлдү күчөтүүдө. Өлкөнүн мамлекеттик чек арасынан өтүүчү санитардык көзөмөл-өткөрүү пункттарында текшерүү күчөтүлгөн. Республикадагы Санитардык-эпидемиологиялык коопсуздук жана коомдук ден соолук комитетинин маалыматы боюнча, Өзбекстанда, дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндөй эле, эпидемиянын алдын алуу үчүн алдын алуу чаралары көрүлгөн.
Ошол эле учурда аталган комитеттен өзбекстандык жарандар олуттуу тынчсыздануунун кереги жок экенин баса белгилешти.
Марбург вирусу Эбола вирусуна жакын. Бирок андан дагы коркунучтуу деп эсептелет. Жугузуп алгандардын өлүмгө дуушар болуу көрсөткүчү 88 пайызга жетет. Вирус негизинен жугуштуу. Адамдын дене суюктуктары (кан, заара, заң, кусунду, шилекей) аркылуу жугат. Аба аркылуу тарабайт. Оорунун белгилерине баштын катуу ооруу, ичтин оорушу жана мурун менен ооздон кан кетүү кирип, вирус жуккандан 2-21 күндүн ичинде клиникалык белгилерин көрсөтөт.

Бөлүшүү:
Next Post

Али, Айлин, Аманда: Ош шаарында үч эм төрөлдү

Ош шаарында үч эм төрөлдү. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти. Бүгүн, 9-октябрда Ош шаарынын мэринин орун басары Нурбек Кадыров эки кыз жана бир уулду жарык дүйнөгө алып келген Жапалак айылдык аймактык башкармалыгынын жашоочусу 32 жаштагы Чолпон Садирали кызынан кабар алды. Мэрдин орун басары эне-бала саламаттыгын сурагандан соң Ош […]

Сизге жагышы мүмкүн