Түркиянын тышкы иштер министри Хакан Фидан Өзбекстанды бардык түрк тилдүү элдердин экинчи мекени деп атады.
Ал Тайип Эрдоган менен Шавкат Мирзияев алакаларды өнүктүрүү жана чыңдоо боюнча иш алып барууда деп белгиледи. “Эки өлкөнүн стратегиялык мамилелеринин өнүгүшү башка түрк тилдүү өлкөлөр үчүн да чоң мааниге ээ”,- деп айтты министр.
Өткөн жумада Түркиянын расмий делегациясы Ташкентке келген. Алардын ичинде ички иштер министри Али Йерликая, түрк чалгындоо кызматынын башчысы Ибрагим Калың жана башкалар бар
Эмне үчүн тырмакты тиштебеш керек? Жаман адаттын 9 кесепети
Дүй Сен 23 , 2024