Өзбекстандын эл артисти Шерали Жураев  дүйнөдөн өттү

Автор

Өзбекстандын жана Тажикстандын эл артисти Шерали Жураев  76 жаш курагында ааламдан өттү.

Өзбекстандык ырчы, акын, композитор, актёр 1970-жылдары жылдызы жанып, ошол кездеги өзбек эстрадасынын өнүгүүсүнө чоң салым кошкон. «Биринчи махабатым», «Өзбегим», «Ачык акыйкат» сыяктуу бир катар ырлары аркылуу Борбор Азия мамлекеттерине да таанылган. Жалпысынан 600дөн ашуун ырга автор болгон.

Шерали Жураев 1947-жылы 12-апрелде Анжиян облусунун Асака районунда туулган. 1971-жылы Маннон Уйгур атындагы Ташкент мамлекеттик искусство институтун аяктаган. Эмгек жолу «Шаттык (Шодлик)» ансамблинде иштөө менен баштаган.

1987-жылы Өзбекстандын эл артисти наамын алган. 2018-жылы Тажикстандын эл артисти наамы ыйгарылган.

Бөлүшүү:
Next Post

Ким Чен Ын менен Путин жолугабы?

Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын сентябрда Россияга барып, Владимир Путин менен сүйлөшүүгө ниеттенип жатканы кабарланууда. КЭДР менен Россиянын мамлекет башчылары 10-сентябрдан 13-сентябрга чейин Владивостоктогу Ыраакы Чыгыш федералдык университетинин кампусунда өтө турган Чыгыш экономикалык форумуна катышат. Маалыматтарга караганда Ким Чен Ын Россияга өзүнүн брондолгон поезди менен Пхеньяндан келет. Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө […]

Сизге жагышы мүмкүн