Өзбекстандын тоолорунан байыркы шаарлар табылды

Автор

Археологдор Өзбекстандын чыгыш тоолорунан Жибек жолун бойлой жайгашкан, орто кылымдардагы эки шаарды табышты. Бул тууралуу маалымат Nature журналына жарыяланды.
Болжол менен VI кылымдан XI кылымга чейин гүлдөп-өнүккөн бул конуштар деңиз деңгээлинен 2 чакырым бийиктикте жайгашкан.
Чоңураак шаар Тугунбулактын аянты 120 гектарга жакын болгон. Болжол менен Самаркандга барабар. Тугунбулак маанилүү өнөр жай борбору болгон. Археологдор металл иштетүү боюнча өнүккөн өндүрүшкө далил болгон мештердин жана очоктордун калдыктарын табышкан.
Экинчи шаар — Ташбулак андан он эсе кичине болгон.
Бул ачылышты дрондордогу LiDAR лазерлери менен алынган сүрөттөрдү анализдөө аркылуу жасашкан
Бул табылга тоолуу аймактардагы байыркы цивилизациялардын өнүгүүсүн изилдөө үчүн маанилүү болуп эсептелет.

Бөлүшүү:
Next Post

Камчыбек Ташиев Жалал-Абад облустук көркөм сүрөт жатак-мектебине барды

Бүгүн, 25-октябрда министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Жалал-Абад облустук көркөм сүрөт жатак-мектебинин абалы менен таанышты. Бул тууралуу атайын кызматтан билдиришти. Маалыматка ылайык, аталган мекеменин имараты 1906-жылы курулуп, учурда абалы толугу менен пайдаланууга жараксыз болуп калган. Эски имарат эбак эле авариялык абалга келген. Бирок, ушул мезгилге […]

Сизге жагышы мүмкүн