Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиеев Кыргызстанга келди

Автор

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиеев Кыргызстанга келди. “Манас” эл аралык аэропортунан Өзбекстандын президентин министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров тосуп алды.

Белгилей кетсек, Шавкат Мирзиеев Кыргызстанга 13-октябрда Бишкекте өтө турган Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине (КМШ) мүчө-мамлекеттеринин башчыларынын кеңешинин жыйынына катышуу үчүн келди. Быйыл Кыргызстан КМШга төрагалык кылууда.

Бөлүшүү:
Next Post

Бишкекте көмүрдүн баасы 4 700 сомдон сатылууда. Даректери

«Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасы учурда калкка жана Бишкек ЖЭБге көмүрдү үзгүлтүксүз ташуу иштерин графиктин алкагында жүрүгүзүүдө. Маалыматка ылайык, ишкана тарабынан «Ден-Сяопин, 306 б» дареги боюнча жеткиликтүү баада, башкача айтканда 4700 сомдон көмүр сатуу пункту уюштурулган. Көмүр вагондор менен ташылат, бүгүнкү күндө 800 тонна көмүр бар. Белгилей кетсек, бюджеттик мекемелер, социалдык объектилер […]

Сизге жагышы мүмкүн