Жашылчалар боюнча илим-изилдөө институтунун окумуштуулары көп жылдык изилдөөлөрүнүн натыйжасында Өзбекстанда биринчи жолу ачуу калемпирдин сортун чыгарышты. “Чыгыш бермети” аталышындагы калемпир Өзбекстанда күнөсканада өстүрүүгө ылайыкталган биринчи жергиликтүү сорт.
Анын өсүү мезгили 123-125 күн. “Чыгыш берметинин” сырткы көрүнүшү башка калемпирлерден дээрлик айырмаланбайт.
Бир бадалдан 45-50 мөмө, гектарына 24-25,5 тонна түшүм алынат.
Мындан тышкары вирустук ооруларга туруктуу келет. Аны жылдын каалаган убагында өстүрүп жесе болот.
Криштиану Роналду Түркия менен Сириядагы жер титирөөдөн жабыркагандарга жардам жөнөттү
Шей Мар 7 , 2023