Өзбекстандын Жогорку соту өлкөдө өткөн парламенттик шайлоого баа берди

Автор

Жекшемби күнү Өзбекстандын мыйзам чыгаруу палатасына (парламенттин төмөнкү палатасына) болгон шайлоо процессинин деңгээли жогору болгонун журналисттерге республиканын Жогорку сотунун төрагасынын орун басары Шухрат Полванов билдирди.
“Олий Мажлистин (парламенттин) мыйзам чыгаруу палатасына шайлоо процесси жогорку деңгээлде өттү”,-деген Полванов шайлоо алдында сотторго шайлоонун жүрүшүнө кийлигишүү тууралуу кайрылуулар түшпөгөнүн билдирди.
Өзбекстанда жекшемби күнү кезектеги парламенттик шайлоо өттү. Өлкөдө биринчи жолу депутаттар жаңы беш жылдык мөөнөткө аралаш мажоритардык-пропорционалдык система аркылуу шайланышты. Төмөнкү палатанын 150 орунунун 75и бир мандаттуу округдар боюнча шайланса, калган 75 орун саясий партияларга берилген добуштардын негизинде жалпы округ боюнча бөлүштүрүлдү.
Шайлоого беш партия катышты. “Миллий тикланиш”, Өзбекстандын Элдик-демократиялык партиясы , “Адолат” (Адилет) социал-демократиялык партиясы жана Экологиялык партия. Алар шайлоо округдары боюнча 75 талапкерди жана бирдиктүү шайлоо округу боюнча партиялык тизмелерде 100 талапкерди катташкан.

Бөлүшүү:
Next Post

БРИКС жөнүндө эмнени билесиз?

БРИКС – Бразилия, Орусия, Индия, Кытай жана Түштүк Африка өлкөлөрүнүн биринчи тамгаларынан куралган дүйнөлүк уюмдун аты. Бул 5 өлкө дүйнөнүн эң көп өнүккөн экономикасына ээ. Мындан улам алар саясий жана экономикалык платформа уюштурушту. БРИКС уюму экономикалык өнүгүүгө багыт алып, дүйнөлүк экономикага үстөмдүк орноткусу келет. Бул уюм 2006-жылы Владимир Путиндин сунушу […]

Сизге жагышы мүмкүн