Өзбекстанда бийликтеги Либералдык-демократиялык партия парламенттик шайлоодо көпчүлүк добушту алды. Бул тууралуу Өзбекстандын Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Зайниддин Низамходжаев билдирди. «Өзбекстандын Либералдык-демократиялык партиясы 42,7 пайыз добушка ээ болуп, парламентте 64 мандат алат»,-деди.
Өзбекстан тарыхында алгач ирет парламенттик шайлоо аралаш система – мажоритардык жана пропорционалдык негизде өттү. Шайлоонун жыйынтыгы боюнча республиканын парламентине беш партия тең өттү.
Шайлоого катышуу деңгээли 74,72 пайыз болду.