Өзбекстанда Россиянын учкучсуз учактарын чыгаруу уюштурулат

Автор

Россия Өзбекстанда жарандык дрондорду чыгарууну уюштурууну сунуштады. Бул тууралуу РФнын премьер-министри Михаил Мишустин эки өлкөнүн өкмөт башчылары деңгээлиндеги биргелешкен комиссиянын жыйынында билдирди.
“Москва жана Ташкент республиканын аймагында жарандык учкучсуз авиациялык системаларды жана алардын бөлүктөрүн чыгарууну жөнгө салуу мүмкүнчүлүгүн карап жатышат”,-деди премьер-министр.
Ошондой эле, Россия Өзбекстанда темир жол унааларын куруу жаатында өндүрүштү уюштурууну пландап жатат.

Бөлүшүү:
Next Post

Нарынбек Сатыбалдиев жаратылыш министринин орун басары болуп дайындалды

Сатыбалдиев Нарынбек Мадыярович жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин орун басары – Кыргыз геология кызматынын директору болуп дайындалды. Ведомстводон маалымдашкандай, тиешелүү тескемеге министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду. Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн