Өзбекстанда кыргыз жазуучуларынын аңгемелери жарык көрдү

Автор

Кыргыз жазуучуларынын аңгемелер жыйнагы Ташкент шаарындагы “O,zbekiston” басмасынан “Ай тутулган түн ” (Oy tutilgan tun) аталыш менен жарык көрдү. Бул тууралуу жазуучу Абдыкерим Муратов соцтармактагы баракчасына бөлүштү.

Жыйнакка Ж. Мавляновдун “Нан”, Ш. Бейшеналиевдин “Мүйүздүү козу”, А. Саспаевдин “Ширеңке”, “Татым туз”, Т. Мияшовдун “Биринчи махаббат”, А. Жапаркуловдун “Ай тутулган түн”, М. Каримовдун “Мажүрүм тал”, Б. Усубалиевдин “Миң”, С. Рысбаевдин “Кечир, Актөш”, А. Муратовдун “Жайчылар”, “Күн эжей”, А. Матисаковдун “Тоолук кыз”, “Тандыр”, А. Пазыловдун “Түштүктөн кат”, С. Раевдин “Топурак”, Р.Исмаилованын “Ок арык” деген аңгемелери кирген.

 

Чыгармаларды өзбек тилине белгилүү адабиятчылар А. Эшон, Р. Карим, М. Абдумажитов, З. Исамиддинов которгон.

Бөлүшүү:
Next Post

Аптанасаат: Эне жөнүндө сөз

Өмүр деген кереметти бизге тартуу кылган эне. Эненин касиетинен улам биз жарык күн менен баарлашып, нурга оронуп, ырыс-кешиктүү болдук. Ошондуктан “Эне” деген сөз “Жарык күн” деген маанини туюндуруп келет. Энелердин керемет аурасы бар. Балпайган ак чач энелердин жанына барып калсак мээрмандыкты, айкөлдүктү, жылуулукту, кең пейилдикти туямын. Мемиреген аруу бейпилдикке туш […]

Сизге жагышы мүмкүн