Өзбекстанда Кыргызстандын маданият күндөрү өтөт

Автор

Өзбекстанда Кыргызстандын маданият күндөрү өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, Маданият министринин биринчи орун басары Тимурлан Ажымалиев Кыргызстандын Өзбекстандагы элчиси Муса Жаманбаев менен жолугушуп, июль айында мерчемделип жаткан Кыргызстандын маданият күндөрүн өткөрүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.
Анда маданият күндөрүнүн программалары, Кыргызстан тараптан сунушталган маданий иш-чаралардын жана өтүүчү локациялардын долбоору жана Өзбекстандын бир катар шаарларында жана аймактарында жогорку деңгээлде өткөрүү маселелери талкууланды.

Бөлүшүү:
Next Post

Курман айтта кыргызстандыктар 3 күн эс алышат

Кыргызстандыктар кийинки жумада 3 күн катары менен эс алышат. Бул жылы Курман айт майрамы 16-июнь дем алышка күнгө туура келгендиктен, 17-июнь өлкөдө жумуш эмес күн болуп эсептелет. Эске салсак, Курман айт Орозо айттан 70 күн өткөн соң белгиленет. Былтыр Курман айт 28-июнда майрамдалган. Аталган майрамда айт намызы окулуп, курмандыкка мал […]

Сизге жагышы мүмкүн