Өзбекстанда ири чиновниктер өткөн жумада Ташкент шаардык ички иштер башкармалыгынын башчысынын орун басары Дониер Ташхожаев камакка алынса, көп өтпөй эле Президенттин коопсуздук кызматынын бөлүм башчысы Шухрат Расулов кармалып, ал эми Коопсуздук кызматынын айрым мүчөлөрү кызматтан алынышты.
Шухрат Ташхожаев президенттин администрациясынын мурдагы кызматкери Комил Алламжоновго кол салуу уюштургандардын бири катары эсептелген Жавлон Юнусовдун кылмыштарын жашырууга айыпталды. Жавлон Юнусов Ташкенттик ишкерлерден коркутуп, үркүтүү жолу менен акча талап кылганы белгилүү болгон.
Эскерте кетсек, 26-октябрда президенттин администрациясынын мурдагы кызматкери Комил Алламжоновго кол салуу болгон. Ал президенттин тун кызынын өнөктөшү экендиги айтылып келет. Ташкенттеги чиновниктерди камакка алуу аракети ушул окуядан кийин күч алган.