Өзбекстандан Ноокаттагы селден жабыркагандарга 95 тонна гумжардам келди

Автор

Өзбекстандан Ноокаттагы селден жабыркагандарга гуманитардык жардам келди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, Өзбекстандын өзгөчө кырдаалдар министринин биринчи орун басары Санжарбек Зупаров баштаган делегациянын коштоосунда жалпы 95 тонналык гумжардамды ӨК министринин орун басары Акылбек Мазарипов, президентинин Ош облусундагы өкүлүнүн орун басары Ильяс Ташбаев тосуп алды.

Гумжардамда ун, өсүмдүк майы, кум шекер жана башка тамак-аш азыктары бар.
Эскерте кетсек, 28-июнда Ош облусунун Ноокат районунда катуу жааган жамгырдан улам 125 үйдү суу каптап, 28 үйдүн ичине суу кирген, 11 үй жараксыз абалга келген.

Бөлүшүү:
Next Post

Беларусь ШКУга мүчө болду

Казакстандын төрагалыгы астында Астанада өтүп жаткан Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) саммити Беларустун расмий түрдө ШКУга толук кандуу мүчө болуусу тууралуу документке кол коюу менен башталды. БелТА агентигинин маалыматтарына караганда Беларусь расмий түрдө ШКУнун толук кандуу мүчөсү болду, өлкөнү уюмга кабыл алышты. «Бүгүн Астанада өтүп жаткан саммитте биздин уюмду андан ары […]

Сизге жагышы мүмкүн