“Арабызда мыйзам бузуп, мыйзамды так аткарбаган, элибиздин, журтубуздун талаптарына жооп бербеген кызматкерлерибиз дагы бар. Жалал-Абад облусунда соттун 3 судьясы кармалып, камалды. Ошол үч сот да президенттин, Жогорку соттун судьяларынын тандоосунан өткөн. Президентке таза иштейбиз деп убадасын беришкен. Бирок, алар өз кызыкчылыгына жана коррупциялык элементтерге берилип кетишип, мыйзам бузушту. Мына ошонун негизинде үчөөнү тең камадык”,- деп билдирди УКМК төрагасы.
22-ноябрь күнү Судьялар Кеңеши башкы прокуратуранын Жалал-Абад облусунун төмөндөгү судыялары
К. М. М, Э. К. К жана М. У. К кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча сунушуна макулдук берген.
Инициалы боюнча Э.К.К. Эстебесов Курал Калыгуловичке, К.М.М. Кенжеев Марсел Майрамбековичке жана М.У.К. Мукамбетов Улукбек Кубанычбековичке туура келгени божомолдонууда.