Үч округда мөөнөтүнөн мурда шайлоого бюллетендерин даярдалды

Автор

2024-жылдын 30-июнуна дайындалган №5 Ноокат, №36 Ысык-Көл жана №29 Свердлов бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого бюллетендерин даярдоо иштери аяктады. Бул тууралуу Боршайкомдон билдиришти.
Маалыматка ылайык, БШКнын башчысынын орун басары Тынчтык Шайназаров ѳзүнүн сѳзүндѳ бюллетендерди сапаттуу жана ѳз учурунда даярдагандыгы үчүн “Учкун” ААКга ыраазычылык билдирди, мыйзамга ылайык добуш берүү күнүнѳ чейин 5 күн мурда басып чыгарылууга тийиш. Бюллетендер үч округдун шайлоо участкаларына жеткирилет.
Жалпы бардыгы 311 миң 253 шайлоо бюллетени даярдалды. Кыргыз тилинде 218 223, орус тилинде 93 300 бюллетень, 175 бюллетень Брайль арибинде басылып чыкты. Алардын ичинде:
Ноокат округу боюнча – 91 миң 105. Кыргыз тилинде 88 миң 547, орус тилинде 2 миң 558 бюллетень, 54 бюллетень Брайль арибинде;
Свердлов округу боюнча – 123 миң 21. Кыргыз тилинде 61 миң 498, орус тилинде 61 миң 523 бюллетень, 60 бюллетень Брайль арибинде;
Ысык-Көл округу боюнча – 97 миң 397. Кыргыз тилинде 68 миң 178, орус тилинде 29 миң 219 бюллетень, 61 бюллетень Брайль арибинде.
Шайлоо бюллетендери жалпыга маалымдоо каражаттарынын катышуусунда Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына өткөрүп берилди. Өз учурунда БШКнын өкүлдөрү акт боюнча бюллетендерди Ноокат, Свердлов жана Ысык-Көл округдук шайлоо комиссияларына тапшырды.

Бөлүшүү:
Next Post

Дагестанда аткаминерлер тыкыр текшерүүгө алынат

Дагестанда аткаминерлер тыкыр текшерүүгө алынат Дагестан Республикасында Махачкала жана Дербент шаарларындагы чиркөөлөргө жана андагы кызматкерлерге куралчандардын кол салуусунан кийин жетекчилик кызматтарды ээлеген адамдардын бардыгын тыкыр текшерилет. Бул тууралуу республикалык элдик жыйындын отурумунда Дагестандын башчысы Сергей Меликов билдирди. Ал кол салгандардын арасында Сергокалинск районунун башчысынын туугандары болгонун эскертти. «Балким, башка райондордун […]

Сизге жагышы мүмкүн