Күзгө чукулдап, аткаруу бийлигинде айрым өзгөрүүлөр орун алат. Буга байланыштуу Айыл чарба, Экономика жана ТИМ министри кызматынан кетиши мүмкүн. Мындай маалыматты социалдык тармактар аркылуу коомдук активисттер таратышты. Айрым маалыматтарда болсо, тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаевдин Кыргызстандын Орусиядагы элчилигине дайындалаары айтылып жатат. Ал эми бир депутат мандатын таштап, аткаруу бийлигине барарын да жар салып жиберишти.