Үчүнчү күнү 91 миң жол кире накталай эмес жол менен төлөндү. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, 3 күндүн ичинде 80 миңден ашык карта сатылган. Мындан тышкары, Тулпар карталарына суроо-талаптын жогорулашына байланыштуу стандарттуу көк карталарды жеткирүү иштери улантылууда.
Жүргүнчүлөргө накталай эмес төлөмдөрдүн төмөнкү түрлөрү сунушталат:
Үч категориядагы Тулпар карталары;
Байланышсыз VISA жана Элкарт карталары;
Тулпар, Mbank, Megapay, Balance, O!;
Деньги мобилдик тиркемелеринде QR сканерлөө;
Виртуалдык NFC картасы.