Кумтөр долбоорунун мамлекетке өтүшүнөн улам толук эмес 3 жылдын ичинде Кумтөрдүн таза кирешеси 1 млрд 77 млн доллардан ашты. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров бүгүнкү Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
“Тоо кен тармагында президент Садыр Жапаровдун көрөгөчтүгүнүн жана саясий эркинин аркасында революциялык эмес, эволюциялык окуялар болду – 30 жылдан бери биринчи жолу иш жүзүндө Кыргыз мамлекетинин экономикалык, улуттук жана экологиялык кызыкчылыктары корголду. 27 жылда 400 тонна алтын өндүрүп, бирок болгону Кумтөрдөн 100 млн долл дивиденд алсак, азыр 2,5 жылда 38 тонна алтын өндүрүп – 291 млн долл дивидент алдык, ал эми салыктык ж.б. төлөмдөрдөн бюджетке 3 жылда 990 млн долл түштү”, – деди Акылбек Жапаров.
Министрлер кабинетинин төрагасы ошондой эле өлкө тарыхында биринчи жолу геологиялык чалгындоого 1 млрд сом бөлүнгөнүн кошумчалап, тоо-кен ишканалары өлкөгө 3 жылда 111 млрд сом киреше бергенин билдирди.