Түркиянын “Аnadolu ajans” басылмасы зилзаладан 128 сааттан кийин куткарылган 3 айлык наристе, бүгүн апасына кезиккенин жазды. Алар апааттан 54 күндөн кийин жолугушуп жатышат. Зилзала учурунда апасы да аман калып, Адана шаарында дарыланып жатканы белгилүү болгон. Медайымдар ага Гизем деген атты ыйгарышкан. Кезегинде ымыркайдын апасы каза болду делген маалымат тараган. Бирок, эки айдан кийин анын тирүү экендиги аныкталган.