Камила Талиева, Марлен Маматалиев, Шарапаткан Мажитова жана башка депутаттар демилгелеп жаткан мыйзам долбоорун социалдык саясат комитети үчүнчү окууда жактырды. Бул мыйзам долбоорунда алыскы жана бийик тоолуу аймактарда жашаган үй-бүлөлөргө үчүнчү баласы төрөлгөндө ай сайын жөлөк пул төлөп берүү жагы каралган.
Шарты катаал, жетүүгө кыйын аймактарда же, чек ара тилкелеринде жана өзгөчө статусу бар аймактарда жашаган үй-бүлөлөргө бул мыйзам жеңилдиктерди шарттайт.
Ага ылайык, үчүнчү бала үч жашка чыкканга чейин ай сайын жөлөк пул алат. Бул демографиялык абалга оң таасирин тийгизээри айтылууда.