Мелис Мырзакматов боюнча атайын сөз таратышып, аны бийликке жаман көрсөткүсү келген күчтөр барбы? Анын учурдагы бийлик ээлери менен болгон эски достугу кимдерди түн уйкусунан чочутуп жатат?
Мелис мырза 2020-жылдагы парламенттик шайлоодон кийин ден соолугун чыңдап, чарба жумуштары менен гана алек болгону, бийликке баруу же, атаандаштык кылуу боюнча ою болбогону көп жерде айтылып келген. Ошентсе да, айрым саясий күчтөрдүн калемшорлору аны жөнү жок көөлөп келгени ырас. Тымызын көмүскөдө жаткан күчтөр үч достун биригип, үлкөн күч болушуна каршыбы?