Ош шаары боюнча босого чектен 5 партия өттү. Шайлоочулардын 23 790 добушу менен “Жаңы Кыргызстан” партиясы алдыда. Аларга 43,36% пайыз шайлоочу ишеним арткан.
Экинчи орунду ЖК депутаты Марлен Маматалиев түптөгөн “Ынтымак” партиясы ээледи. Алар 10 985 добуш алган. Шайлоочулардын 8309 добушу менен “Мурас” партиясы үчүнчү келди. Ошондой эле “Милдет” жана “Бир бол” партияларына 5 миңден ашык добуш тийди.