Үлпөт тойдогу өрттөн көз жумгандардын саны 120га жетти

Автор

Ирактын Найнава аймагында өрттөн көз жумгандардын  саны 120га жетти.  Дагы 200 киши жарадар болду.
Өрттүн келип чыгышына үлпөт той учурунда фейерверк атуу себеп болгон.  Өрт коопсуздугунун талаптары да сакталбай, залдын өзү күйүүчү панелдер менен жабылып, өрттүн жайылышына шарт түзгөн.  Өрттүн кесепетинен салтанат өтүп жаткан залдын бир бөлүгү урап түшкөн.
Ирактын Кызыл Чырым уюму курман болгондордун санын 450 деп эсептейт.  Аймактык өкмөттүн өкүлү Масрур Барзани саламаттыкты сактоо министрине жаралууларды жеткирүү үчүн көп сандагы тез жардам унааларын жөнөтүүнү тапшырды.
Окуя  27-сентябрда болгон.  Алгач 100 адам каза болуп, 150 адам жарадар болгону кабарланган.

Бөлүшүү:
Next Post

28-сентябрда күтүлгөн аба ырайы

Кыргызгидромет билдиргендей, 28-сентябрда күндүз Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөйт.   Абанын температурасы:   Чүй облусунда түнкүсүн +8…+13, күндүз +21…+26,   Талас өрөөнүндө түнкүсүн +3…+8, күндүз +18…+23,   Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +9…+14, күндүз +21…+26,   Ысык-Көл облусунда […]

Сизге жагышы мүмкүн