Тамчыга 5 жылдыздуу Хан Теңири мейманканасына мезгил кутучасын УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев салды. Ал бул курулушка инвестор 160 млн доллар жумшайт деп билдирген. Бирок, инвестордун аты аталган эмес. Ал өлкөдөгү уурулук токтоп, инвесторлор келе баштаганын айтты. Бизге маалымдашкандай, Хан-Теңири үлкөн мейманканасын “Иншаат -Строй Билдинг” компаниясы курушу мүмкүн. Анын жетекчиси Акбарали Абдразаков.
Белгилүү болгондой, алар Ынтымак Ордону куруп, 31-август күнү пайдаланууга берилген.