Япон компаниясы Ливандагы жарылууларды текшерет

Автор

Радио жабдыктарды өндүрүүгө адистешкен япониялык Icom корпорациясы Ливандагы жарылуулардын экинчи толкунунда радиобайланыш каражаттары жарылганы тууралуу кабардан кийин текшерүү иштерин баштады. Бул тууралуу компания өзүнүн сайтында билдирди. Ливанда Icom логотиби бар эки тараптуу радиобайланыш түзүлүштөрү жарылганы тууралуу маалыматтардан кийин бул маселеге байланышкан фактыларды иликтеп жатабыз»,-деп айтылат билдирүүдө.
17-сентябрда Ливан боюнча «Хезболла» мүчөлөрүнө таандык пейджерлер жарылган. 12 адам каза болуп, 4 миңге жакын адам жаракат алган.
«Хезболла» массалык жарылуулар үчүн жоопкерчиликти Израилге жүктөп, «жооп» берүүгө убада кылды. Израилдин коргоо министри Йоав Галант болуп жаткан окуяларга байланыштуу өлкөнүн түндүгүндө «жаңжалдын жаңы фазасы» башталганын жарыялады. Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху түндүк аймактарда жашаган израилдиктердин коопсуз жашоосун камсыздоону убада кылды.

Бөлүшүү:
Next Post

Садыр Жапаров КР Баатыры, мамлекеттик ишмер Апас Жумагулов менен жолугушту

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 19-сентябрда, Кыргыз Республикасынын Баатыры Апас Жумагулов жана анын жубайы менен Президенттин Администрациясынын “Ынтымак Ордо” имаратында жолугушту. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы кабарлады. Мамлекет башчысы Апас Жумагуловдун Кыргызстандын өнүгүшүнө кошкон зор салымын, айрыкча, ал өкмөттү жетектеп турганда, өлкө татаал кырдаалга туш болгондо, саясий жана экономикалык кризистен […]

Сизге жагышы мүмкүн