Япониянын өкмөтү отставкага кетти

Автор

Премьер-министр Фумио Кисида башында турган Япония өкмөтү отставкага кетти. 1-октябрда өлкөнүн парламенти жаңы министрлер кабинетинин башчысын аныкташы керек.
Бул кызматка 27-сентябрда башкаруучу Либералдык-демократиялык партиясынын төрагасы болуп шайланган Сигэру Исиба келиши күтүлүүдө. Болжолдонгон жаңы премьер-министр Кисида сыяктуу эле, 67 жашта жана эң тажрыйбалуу саясатчылардын бири. Ал коргоо, айыл чарба министри, калктын санынын кыскарышына каршы күрөшүү жана жергиликтүү экономиканы жандандыруу иштери боюнча министр кызматтарын аркалаган. Исиба парламенттин төмөнкү палатасын таратып, мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрүүнү пландап жатат. Ал 27-октябрда өтөт.

Бөлүшүү:
Next Post

Бишкекте "Жыл мугалими" сынагы башталды

Бүгүн, 1-октябрда Бишкек шаарындагы Газпром-Кыргызстан мектебинде “Жылдын мыкты мугалими” жана “Жылдын мыкты тарбиячысы” сынагы башталды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, иш-чара Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн жана билим берүү системасынын 100 жылдык мааракесинин алкагында өтүп, сынак 5-октябрга чейин уланат. Сынактын негизги максаты – башталгыч, негизги, жалпы […]

Сизге жагышы мүмкүн