Якутияга астероид түштү

Автор

Якутиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Якутия аймагынын үстүнөн C0WEPC5 астероиди атмосферадан өткөнүн билдирди.
«Тургундардын коопсуздугу бузулган жок. Олекминск жана Ленск райондорунун жашоочулары түндө кометаныкына окшош изди жана жарыкты көрө алышты»,-деп айтылат мекеменин билдирүүсүндө.
Astroalert телеграм-каналынын маалыматына ылайык, астероид жергиликтүү убакыт боюнча түнкү 01:14тө түшкөн. Бул Урал федералдык университетинин окумуштууларынын мурда эсептеген убактысына туура келди. «Учуу беш секундга созулуп, жарык пайда болду. Бул метеориттин майда бөлүкчөлөргө ажыроо процесси»,-деп жазган каналдын автору.
C0WEPC5 астероиди 2024-жылдын 3-декабрында эртең менен АКШнын Аризона штатындагы Китт-Пик обсерваториясында эки метрлик телескоптун жардамы менен ачылган. Европа космостук агенттигинин маалыматына ылайык, космостук объекттин диаметри болжол менен 70 сантиметрди түзгөн.

Бөлүшүү:
Next Post

Бүгүн «Манас» эпосунун күнү белгиленет

Бүгүн, 4-декабрда Кыргызстанда “Манас эпосунун күнү” майрамдалат. Бул күн Кыргыз Республикасынын 2015-жылдын 27-апрелиндеги №259 токтомдун негизинде маданият, маалымат жана туризм министрлигинин ошондой эле өлкө парламентинин демилгеси аркылуу кабыл алынган. Башкы максаты – “Манас” эпосун улуттук мурас катары сактоо жана жайылтуу, республикада “Манас таанууну” өнүктүрүү жана манасчыларга колдоо көрсөтүү, ошондой эле […]

Сизге жагышы мүмкүн