Эң ири авиакомпаниянын кызматкерлери иш таштады

Автор

Германияда Европадагы эң ири авиакомпаниянын кызматкерлери 27 сааттык иш таштоого чыгышты. Андан улам, Lufthansa компаниясы пландалган каттамдарынын 90 пайызын жокко чыгарды.
Иш таштоодон 100 миң жүргүнчү жапа чегери белгилүү. Аларга аэропортко барбай, авиакомпаниянын сайтында каттамын башка күнгө жылдырууну сунушташты. Акциянын негизги талаптардын арасында аэропорттун 25 миң кызматкеринин айлыгын 500 еврого көтөрүү бар. Учурда тараптар бирдиктүү чечимге келе элек.

Бөлүшүү:
Next Post

9-февраль: Жаан-чачын күтүлбөйт

Кыргызгидромет билдиргендей, 9-февралда түнкүсүн Чүй, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарынын тоолуу райондорунда бир аз кар жаайт. Калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз жаан-чачын болбойт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -3…+2, күндүз +8…+13, Талас облусунда түнкүсүн -4…+1, күндүз +6…+11, Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн -1…+4, күндүз +8…+13, […]

Сизге жагышы мүмкүн