Вьетнамдагы эң бай аялдардын бири, Van Thinh Phat компаниясынын ээси, 67 жаштагы Чыонг Ми Лан өлкөдөгү эң ири банктардын бирин талап-тоногон деген айып менен сот тарабынан өлүм жазасына кесилди. Айыптоодо Ми Лан насыя алуу үчүн жасалма арыздардын жардамы менен Сайгон коммерциялык банкынан акчаны чыгарып алган.
Полиция бул аракеттерден 42 миңге жакын адам алдамчылыктын курмандыгы болгон деп ырастоодо. Бирок андан келтирилген жалпы зыян 27 миллиард долларга бааланууда.