Эң байлардын аты аталды

Автор

Forbes журналы 2023-жылы АКШнын эң бай беш жаранын атады. Рейтингдин лидери Tesla компаниясынын ээси Илон Маск болду. Басылманын эксперттери ишкердин байлыгын 251 миллиард доллар деп баалашты.
Экинчи эң бай америкалык Amazon корпорациясынын негиздөөчүсү Жефф Безос аталды. Анын 161 миллиард доллар байлыгы бар экени белгилүү болду. Рейтингде алдыңкы үчтүккө Oracle корпорациясын түзүүчүлөрдүн бири Ларри Эллисон 158 миллиард доллар байлыгы менен илинди.
Алдыңкы бештикке Berkshire Hathaway холдингинин башчысы Уоррен Баффет (121 миллиард доллар) жана Google корпорациясынын негиздөөчүлөрүнүн бири Ларри Пейдж (114 миллиард доллар) кирди.
Forbes журналынын маалыматы боюнча 400 эң бай америкалыктын байлыгы жыл ичинде 500 миллиард долларга өскөн.

Бөлүшүү:
Next Post

Автомектептер талапка жооп бербейт

Өлкөбүздө айдоочуулукка окуткан 273 автомектепке лиценция берилген. Анын 203 мектеби жеке тараптарга таандык. 70и мамлекеттик мектептер болуп эсептелет. Текшерүүнүн жыйынтыгында жеке тараптарга таандык мектептерге 236 жолу эскертүү берилип, 3 млн сомдон ашык жазалары төлөнгөн, 23 мектеп 3 айга жабылган. Мындай маалыматты Коррупцияга каршы ишкер кеңешинин мүчөсү Ялкун Даутов “Марал” радиосунун […]

Сизге жагышы мүмкүн